Акшнын Калифорния штатындагы өрттөнүп жаткан токойго 24 учак, 88 тик учак тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, учурда токойдун күйүп жаткан аянты 4 миң чарчы километрден ашты. Өрттү өчүрүү үчүн 12 миңден ашуун өрт өчүрүүлөр, миңден ашуун унаа, 241 бульдозер, 88 тик учак жана суу чачуу тутуму бар 24 учак тартылган. Өрттүн турак-жайларга жайылуу коркунучунан улам жүз миңден ашык адам эвакуацияланган. Табигый кырсыктан жабыркагандардын саны алты кишиге жетти.
Азыркы учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.