Түштүк Суданда кулаган учактан 17 адам каза болду

Түштүк Судандын борбору Жуба шаарындагы аэропорттон учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин кулаган жүк ташуучу учактан 17 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышуда.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда каза болгондордун өздүгү такталууда. Ал эми, кырсыктан бир адам аман калган. Анын абалы учурда өтө оор деп бааланууда.

Аэропорттун директору Кур Куол Ажиеунун айтымында, коммерциялык уюмга таандык учак жумушчулардын эмгек акыларын жеткирүү үчүн Түштүк Судандын Авейль жана Вау шаарларына баруу үчүн учуп чыккан. Бортто мотоциклдер, запастык бөлүктөр жана тамак-аш бар болчу.

Эске салсак, кечээ, 22-августта Түштүк Суданда жүк ташуучу учак кулагандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан