"Ок өткөрбөс жилет кийип". Александр Лукашенко резиденциясына автомат көтөрүп келди

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өзүнүн резиденциясына автомат көтөрүп келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.

Видеодо көрүнгөндөй, Лукашенко тик учактан түшкөндөн кийин колуна "Калашников" автоматына окшош снаряддуу мылтык көтөрүп алган. Ошол эле учурда президент ок өткөрбөс жилет кийип жүргөн.

Буга чейин нааразычылык акциясынын катышуучулары резиденцияга чейин келишкен. Коопсуздук күчтөрү учурда алардын жолун тосуп турат.

Бүгүн, 23-августта Минск шаарында нааразычылык маршы өтүп жатат. Ага 100 миңден ашык адам катышууда.

Александр Лукашенко резиденциясына автомат көтөрүп келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
algakaray
2020-08-24 00:36:57
Абалы чатак окшойт да ыя.
-1
sinej
2020-08-24 03:24:25
Өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт болуп калды.
+2
TIMON_BERKOWITZ
2020-08-24 07:29:25
Орустар 200дой адам митингке чыгып жатышат дешет. Явно Батькага жардам берип жатышат.
+6
Adi010891
2020-08-24 08:36:22
Закиржан Бакиев деген айтса керек да, оружие ала жур Батька деп
-5
Imon7
2020-08-24 11:58:56
Автомат безмагазин бензинии жок машинадай эле да
0
Hernandez
2020-08-24 12:05:25
Биздин 2 президент да Лукашенкодой болуп катуу турса болмок, 1000-2000 адам чогулуп койсо эле качып жөнөбөй. Бирок бизде "Тихоновская"лар көп болчу....
+8
Suzak12
2020-08-24 13:16:08
Кытай менен Россия жардам берип жататко же болбосом эмгиче кетет эле Лукашенко.Бирок катуу турса он жагына чечилсе жакшы алмашкан менен эч нерсе озгорбойт.
0
nazira...
2020-08-24 23:20:45
Кыйын киши экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан