
Грузиянын Шатили айылында автобус кулап, 17 адам каза болуп, 3 адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, автобус 80 метр бийиктиктен кулаган.
"Күбөлөрдүн айтымында унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан. Автобустун ичинде көбүнчө аялдар болгон. Ошондой эле Канаданын бир жараны бар экени айтылууда", - деп жазылат маалыматта.