Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү

Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү. Алар пандемиянын айынан ушундай жолго барышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

39 жаштагы Синтия Араужо менен 45 жаштагы Тимо Арнштадтом социалдык тармак аркылуу кокустан таанышып калышкан. Алар алгачкы таанышууда эле тил табышып, сүйлөшүү 2 саатка созулган. Алар бири-бирин жакшы көрүп калгандыктан 24 саат бою камераларын өчүрүшкөн эмес. Булар аны "алыс аралыкта болсок дагы биз биргебиз" дегенди түшүндүрөрүн айтышкан.

Бир айга жетпеген убакта Тимо кыздын колун видео аркылуу сурап, ага Синтия макулдугун берген. Андан соң алар онлайн түрдө баш кошуп, үлпөт тоюна эки тараптын ата-энеси видео аркылуу күбө болгон.

"Мен Синтияны түшүнүктүү, сулуу жана мага кылган мамилесинен улам сүйүп калдым. Андан соң ушундай кадамга барууну чечтим. Досторум мени "жинди болуп калдыңбы?" деп урушту", - деп айтып берген 45 жаштагы Тимо.

Түгөйлөр онлайн түрдө баш кошкондон 4 күндөн кийин аэропорттон жолугушуп, ошол жерден бири-бирине нике шакегин тагышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-08-24 09:20:06
Бул жиндилердин сүйүүсү 1 жылга жетпейт барбир
-3
Jibakana
2020-08-24 10:32:08
ZUXRIDDIN20,не сен Ванга болуп жатасын Бир жылга жетпейт деп
+1
Bars88
2020-08-24 13:12:40
Балдарды онлайн кантип жасашат экен
-1
Gospozhatsetok
2020-08-24 17:01:03
Сонунго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан