АКШда супермаркеттен адамдарды кучактап, аларга коронавирус жуктурганын айткан адам изделүүдө

АКШнын Массачусетс штатына караштуу Спрингфилд шаарынын полиция кызматы супермаркеттеги кардарларды кучактап, аларга коронавирус жуктурганын айткан белгисиз жаранды издейт. Бул тууралуу полиция кызматынын маалыматына таянуу менен дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматта кара түстүү футболка, чолок шымчан, бет кап тагынган эркек киши жергиликтүү "Walmart" супермаркетиндеги адамдарды алардын уруксаты жок кучактап, ага коронавирус жуктурганын айтып, качып кеткен. Полиция кызматы аны издөөгө алды, ал террордук коркутууга шектелүүдө. Аталган жаран коронавирустук инфекция менен жабыркары белгисиз. Жергиликтүү полициянын өкүлү Райан Уолш анын иш-аракети кооптуу экенин жана бул жоругу тамаша болгон күндө да жардыруу жөнүндө жалган маалымат бергенге тете экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан