Аляскада аюулар семирип кетип араң кыймылдап жатышат

АКШнын Аляска штатындагы Катмай коругундагы жапайы аюулар бул жайда чээнге киргенге чейин эле семирип кетишкен. Мындан улам алардын кыймылында көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаныбарлар улуттук сейил бакта орнотулган камерага тартылып калган. Видеодо көрүнгөндөй, аюунун дарыянын жээгине чыгышына ага курсагы жолтоо болгонун көрүүгө болот.

Коруктун кызматкеринин айтымына караганда, аюулардын мындай семирип кеткендигинин себеби Аляска дарыясындагы жогорку калориялуу лосось балыгын жегени. 2020-жылы июль айында мындай лосось балыктар 2-4 миллионго көбөйгөн.

Аюулар чээнге киргенде майдын курамы керек болот. Бирок ага чейин дагы эки ай бар. Ошого карабай азыркы убакта аюуларда салмак кошуусу уланып жатканы айтылган.

Катмай улуттук сейил багында күрөң аюулар эң көп байырлайт. АКШнын улуттук сейил багынын кызматынын маалыматы боюнча, корукта 2 миң 500 аюу бар.

Аляскада аюулар семирип, баса албай калышты.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-BOSS-
2020-08-28 16:50:04
Бооз окшойт, эгиздеп сегиздеп тууйт бир болсо
+3
D.iamond
2020-08-28 19:22:40
Биздин депутаттарга окшоп кетет экен.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан