Коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын психикасына терс таасирин тийгизгени айтылды

Коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын психикасына терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, пандемия адамдардын психикасына коркунуч, тынчсыздануу сезимдерин пайда кылуу менен терс таасирин тийгизген. Мындан сырткары илдеттен сактануу үчүн киргизилген карантин дагы адамдардын психикасына кошумча терс таасирин тийгизген.

"Дүйнө жүзүндө 1 миллиардга жакын адам психикалык жактан жабыр тартып келет", - деген Тедрос Адханом Гебреисус.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
iamjuma
2020-08-28 22:52:23
Мага ото катуу таасир берди. Коркуу сезим менен жошоодомун.Эч тынч жашай албайтам.Кайненем менен жолдошум да кун корсотпой жатышат.Эмне кылууну билбей башым катты.Балдарымды аяайм...
0
Aituwas
2020-08-29 00:27:44
Ооба,мага да таасир берди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан