19-апрелге караган түнү Бишкек шаарында жалпы 134 ар кандай эреже бузуу катталды. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
"57 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузушкан. Анын ичинде 44 эркек, 7 аял, арасында чет өлкөлүк жарандар дагы бар. Эреже бузгандарга карата протоколдор түзүлдү", - деди комендант.