"Күүгүм" тасмасынын жылдызы, дүйнөнүн эң келбеттүү мырзасы деп табылган британиялык актёр Роберт Паттинсон коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Мындан улам ал роль жаратып жаткан "Бэтмен" тасмасын тартуу иштери токтотулду деп жазышат батыш маалымат булактары.
Маалыматка ылайык, "Бэтмен" тасмасын тартуу иштери 2020-жылдын январь айында башталып, пандемияга байланыштуу март айында токтотулган. Бир нече ай тыныгуудан кийин тартуу иштери улана баштаганда, актёрлордун биринен илдет аныкталган. Фильмди тартып жаткан "Warner Bros." компаниясы актёрлордун бири инфекцияны жуктуруп алганын ырастап, кийинчерээк оору Роберт Паттинсондон аныкталганы белгилүү болгон.
Айрым маалыматтарга ылайык, актёр оорунун жеңил түрү менен жабыркап жатат. Учурда ал обочолонуу режиминде.
"Бэтмен" тасмасынын бет ачары 2021-жылдын июнь айына белгиленген.