Өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан 25 илимпоз каза болду. Мындай маалымат бүгүн, 4-сентябрда Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева тарабынан белгилүү болду.
"Пандемия учурунда биз 25 илимпозду жоготуп алдык. Биз алардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Улуттук илимде чоң жоготуу болду. Бул жараатты айыктырууга убакыт талап кылынат", - деди ал.