Орусияда коронавирустан акыркы бир суткада 9 миңге жакын бейтап сакайды

Орусияда акыркы бир сутка ичинде 5 миң 482 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 8 миң 755 бейтап андан айыгып чыкса, тилекке каршы 161 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 695;

Свердлов облусунда - 210;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 171;

Санкт-Петербург шаарында - 159 адам жана калгандары башка аймактардан катталган.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 839 миң 981 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 13 миң 963 адам каза болсо, 638 миң 410 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан