"Реал" клубунун мурдагы оюнчусу балдардын порнографиялык сүрөттөрүн тараткан деп шектелүүдө

Германиянын Дюссельдорф шаарынын прокуратурасы мадриддик "Реал" клубунун жана Германия курама командасынын мурдагы оюнчусу, 39 жаштагы Кристоф Метцельдерге карата "16 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн порнографиялык сүрөттөрүн сактоо жана таратуу" фактысы менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, футболчунун мурдагы сүйлөшкөн кызы полицияга арыз менен кайрылган. Арызда футболчу ага 15ке жакын жаш балдардын порнографиялык сүрөттөрүн мессенжер аркылуу жибергендиги айтылган. Ошондой эле 2019-жылдын 9-июлунан 1-сентябрына чейин жаш балдардын порнографиялык сүрөттөрүн WhatsApp аркылуу жибергендигин бир канча күбө да тастыктаган. Мындан сырткары полиция кызматкерлери тарабынан экс-футболчунун смартфонунан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн 297 порнографиялык сүрөтү табылган.

Кристоф Метцельдер "Реал" клубунда 2007-жылдан 2010-жылга чейин ойногон. Бул клуб менен Испания чемпиону болгон. Ошондой эле Германия курама командасы менен жалпы 47 оюн көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-09-05 13:01:13
Кебетен жакпай турат)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан