Жаштыкты жана сулуулукту сактоочу азык айтылды

Ананас адамдын тишин, сөөктөрүн, чачын жана тырмактарын жакшы сактайт. Бул тууралуу Орусиядагы Сеченов атындагы медицина институтунун ден соолукту башкаруу клиникасынын диетолог-дарыгери Наталья Пугачёва жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айткан.

Анын айтымында, ананастын курамында кремний бар болгону үчүн жаштык жана сулуулукту узак убакытка сактайт. Жемиш мындан сырткары марганецке бай, анын эсебинен кандагы глюкоза тийиштүү деңгээлде кармалып турат.

"Ананас антиоксиданттык жана сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ. Бромелаин деп аталган фермент белокту аминокислоталарга бөлүп, тамак сиңирүүнү жакшыртууга жардам берет. Жемиш кислоталары ашказанда зил иштеп чыгууга өбөлгө болуп, ошондой эле ичеги-карындын туура иштешин шарттайт. Күнүнө жаңы үзүлгөн ананастан 200 грамм жеп туруу же 200 миллилитр ширесин ичүү жетиштүү", - деген дарыгер Наталья Пугачёва.

Диетолог ананас менен маринаддалган этти сиңирүү оңой экендигин белгилейт. Бирок бул азыкты ашказанында жарасы бар адамдар көп пайдаланбашы керек. Мындан сырткары ананастын курамында көп кумшекер бар экенин да кошумчалай кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан