Индиянын стартап компаниясы уктап жатып акча табууга даяр адамдарды кызматка чакырат

Физикалык активдүүлүктү талап кылбаган, эртеден кечке компьютерде отурбаган, уктап жатып эле жакшы акча тапкан жумушта иштөөнү кыялданасызбы? Анда Индияга жол тартыңыз. Дегенибиз, Индиянын Бангалор шаарындагы уйкуга арналган продукцияларды өндүргөн "Wakefit" стартап компаниясы уктап акча табууга даяр кызматкерлер керектигин жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

Маалыматта айтылгандай, бул кызматка келе турган бактылуу адамдан бир гана нерсе талап кылынат. Кандай талап десеңиз, күндүз 9 сааттан уктоо. 100 күн боюу күндүз 9 саат уктоо менен бирге бардык социалдык тармактарга кирүүдөн баш тартуу, курамында кофеин бар суусундуктарды ичпөө жана уктоо режими тууралуу күндөлүк ачуу керек. Бул кызмат үчүн 100 миң рупий (1 миң 300 доллар) төлөп беришет. Ошондой эле алар менен фитнес-машыктыруучу жана диетологдор иштешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-05 23:30:10
Бизде андай уйкучулардан 120шт бар! Шайлоодон утуп чыккандарын алып кете бергиле)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан