Кытайда үлпөт тойго арналган фотосессияда колукту жана визажист каза болду

Кытайдын Чжэцзян провинциясына караштуу Вэньчжоу шаарында үлпөт тойго арналган фотосессия учурунда колукту жана визажист каза болду. Мындай маалымат жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.

Маалыматка ылайык, окуя 2-сентябрда болгон. Анда баш кошкон түгөйлөр деңиз жээгинде фотосессия жасап жатышкан. Кокустан катуу толкун колуктуну, визажистти жана фотографты деңизге агызып кеткен.

Окуя болгон жерге ыкчам барган куткаруучулар колуктунун жана визажисттин жансыз денесин алып чыгышкан. Ал эми фотограф дайынсыз болуп, аны издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursiyanur
2020-09-05 20:44:03
Обу жок болбой,кысыыып эле той кылыш керек болчу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан