Самара илим-изилдөө институтунун диетолог-дарыгери Михаил Гинзбург жаштыкты сактоочу беш азыктын аттарын атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Күнүнө эки, үч кружка көк чай ичүү - карылык процессин жайлатат жана организмди жашартат. Бул тизмеге зайтун майы, зыгыр уругу жана балык да кирет. Алар сезгенүүгө каршы каныккан май кислоталарына бай. Бул азыктар атеросклероз оорусунун күчөшүнөн коргойт. Мындан тышкары Гинсбург шекер кошулбаган кара шоколадды сунуштайт. Себеби кандагы глюкозанын деңгээлин көтөрбөө үчүн канттын ордун башка азык менен алмаштыруу керек", - деп түшүндүргөн дарыгер.
Буга чейин Михаил Гинзбург буурчакты залалдуу шишик дартынан коргой турган жана сөөктөрдү бекемдөөчү азык деп атаган.