Австриялык спортчу муз менен курчалган айнекте 2 сааттан ашык отуруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

Австриялык экстремалдуу спорттун сүйүүчүсү Йозеф Кёберл муз менен курчалган айнекте 2 сааттан ашык отуруп, дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, эксперименттин видеосун жарыялашты.

Рекордду ишке ашырууда 200 килограмм муз колдонулганы айтылат.

"Эксперименттин жүрүшүндө спорт сүйүүчүсү денесин жан чыдагыс оору каптаганын жашырган эмес. Бирок ал жакшы, позитивдүү нерселерди ойлогонго аракет кылганын айткан. Натыйжада Йозеф муз толтурулган айнекте 2 жарым сааттан ашык отурган. Муну менен ал мурдагы өзүнүн эле рекордун 20 мүнөткө ашык аткарган. Эксперименттин дагы бир максаты - дүйнө жүзү боюнча муздардын эрип жатканы тууралуу көйгөйгө көңүл бурдуруу экени белгиленген", - деп жазылат маалыматта.

Австриялык тургун муз менен курчалган айнекте 2 сааттан ашык отуруп дүйнөлүк рекордду жаңылады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2020-09-07 12:05:01
Окуп эле простатитим кармап калды го
+4
ZHYRGAl1412
2020-09-07 12:34:50
200%турбайтта эми
+5
Nursul
2020-09-07 20:27:29
Рекорд үчүн өзүн өлтүргөнгө да даяр адамдар көп экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан