Белгилүү дүйнөлүк басылмалар дайыма ар түрдүү тармактарда эмгектенген адамдарга ар кандай номинацияларды берип, рейтингдерди чыгарып турары баарыбызга маалым.
Биз алдыда дал ушул дүйнөлүк басылмалардын баш каарманы болуп, дүйнө жүзүндөгү эң келбеттүү саясатчылардын катарын толуктаган Грузиянын борбор шаары болгон Тбилиси шаарынын мэри Кахабер Карлович Каладзе тууралуу сөз кылабыз.
Кахабер Каладзе 1978-жылы 27-февралда жарык дүйнөгө келген. Саясатка аралашканга чейин белгилүү футболдук клубдарда, анын ичинен "Миланда" коргоочу болуп ойноп келген. Мэр Грузиянын тарыхында Чемпиондор Лигасын 2 ирет уткан жалгыз грузин. Спорттук карьерасын жыйынтыктаган соң жеке ишкердик менен алектенген. Көп өтпөй чоң саясатка аттанган.
Алгач 2012-жылы Грузиянын парламентине "Грузия кыялы" партиясынан депутат болуп келген. Ошол эле жылы өлкөнүн энергетика министри болуп дайындалган. Ал эми 2017-жылы Тбилиси шаарынын мэрин шайлоодо эң көп добуш алып, калаа башчысы болуп шайланган.
Каладзенин кийингени, чымыр денеси тууралуу көптөгөн басылмалар жазып чыгышкан. Өзүнүн берген маектеринде ал жарашыктуу, саркеч кийинген жагарын баса белгилеген. Ошондой эле чоң спорттон четтегени менен азыркы тапта бош убактысын үй-бүлөсүнө жана спортко арнарын айткан.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун сүрөттөрүнө көз чаптырсак, саркеч жана бренддик кийимдерди кийип жүргөнүн байкоого болот. Калаа башчысы кызмат ордуна келгенде кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албаганы байкалганы менен убакыттын өтүшү менен бул жаатта да ийгиликтерге жетишти.
Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилер менен таанышып жаткан учурунда мэрдин жыртык жынсы шым кийип жүргөнү коомчулукта талкууларды жараткан.