Бельгияда жумушсуздукка нааразы болгон түнкү клубдун кызматкерлери митингге чыгышты

Бельгиянын жүздөгөн көңүл ачуу кызматкерлери Брюсселде митингге чыгышты. Алар пандемиядан улам өкмөт тарабынан киргизилген чектөөлөр аларды жумушсуз калтырып жаткандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, алар пандемия башталгандан кийин иштебей калган түнкү клубдардын кызматкерлери көбүрөөк жабыркаганын айтышты.

"Баарыбыз жумуш, тамак-ашка муктажбыз, ижара акысын төлөйбүз. Бул дагы миңдеген адамдардын эмгеги сыяктуу биздин ишибиз", - деп билдиришти чогулгандар.

Инфекция жайыла баштагандан бери Бельгияда дээрлик 10 миң адам коронавирус илдетинен көз жумду. Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 650 адамдан аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TUMANaka
2020-09-07 20:44:14
Отунбайдын кызы атыргүлгө айткыла барып укугун коргоп берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан