"Apple" компаниясы бир күндө 180 миллиард долларга арзандады

Өткөн аптадагы соодада "​​Apple" компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы 8 пайызга төмөндөп, дээрлик 180 миллиард долларга арзандады. Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, бул - АКШ базарынын тарыхындагы компаниянын наркынын рекорддук төмөндөшү.

Бирок ага карабастан, "Apple" компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы дагы эле 2 триллион доллардан ашык.

Мындан сырткары "Facebook" компаниясынын акциялары 3,8 пайызга төмөндөгөн. Ал эми "Alphabet" холдингинин акциялары 5,1 пайызга, "Amazon" команиясыныкы 4,6 пайызга, "Netflix" 4,9 пайызга жана "Microsoft" 6,2 пайызга төмөндөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан