Италиянын укук коргоо органдары франциялык туристти кум уурдап бара жаткандыгы үчүн кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, турист кумду Сардиния аралынын жээгинен уурдаган. Аны тиешелүү органдар аэропорттон кармаганда, андан 9 килограмм кум табылган.
Белгилей кетсек, аталган аралдын кумдуу жээктеринен жыл сайын миңдеген тонна кум уурдалат. Мындай туристтерди чоң өлчөмдөгү айыптар, эркинен ажыратуу да коркута албай келет.
Аталган жерден 2017-жылдан бери өзгөчө кумду, таштарды алууга тыюу салынган. Климаттын өзгөрүүсү жана туристтердин колу туткактыгы кумдуу жээктин жаратылышын бузуп жатат деп белгилешкен эксперттер.