Курч мүнөздөгү респиратордук вирус жана сасык тумоонун эпидемиологиялык мезгили жакындап келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Абдыкадыр Жороев билдирди.
"Күзүндө жыл сайын калк арасында катталуучу курч мүнөздөгү респиратордук вирус жана сасык тумоонун эпидемиологиялык мезгили жакындап келе жатат. Бул мезгилде сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирус оорулары менен ооруган адамдардын, анын ичинде 14 жашка чейинки ооруган балдардын санынын көбөйүшү байкалат. Оорулардын көбөйүшүнө адамдардын суукта үшүп калуусу түрткү берет. Өзгөчө бул мезгилде жүрөк кан тамыры, дем алуу органдары, өнөкөт оорулар менен жабыркагандар, тез-тез ооруган балдар, 65 жаштагы адамдар ооруп калып өз убагында медицина кызматкерлерине кайрылбаса анда оорунун өтүшүп кетишине алып келет. Бүгүнкү күндө пандемияга байланыштуу болгон кырдаал жыл сайын байкалуучу сасык тумоо менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалда татаалдашы мүмкүн. Анткени коронавирустун экинчи толкунунун башталышы мүмкүн деген божомол айтылып келет. Күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү пландаштырылууда", - деди ал.