Орусияда коронавирустан айыккан адамдардын саны 880 миңге чукулдады

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 509 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 57 адам каза болсо, 2 миң 475 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 696 (айыккандар 824);

Санкт-Петербург шаарында - 199 (айыккандар 110);

Москва облусунда - 163 (айыккандар 155);

Ростов облусунда - 160 (айыккандар 40) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 68 миң 320 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 18 миң 635и каза болсо, 878 миң 700ү айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан