Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 147 миллион 526 миң 922 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 85 миллион 190 миң 221 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 116 миң 908 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 26-апрелге карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 123 миң 535 болду. 572 миң 666 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 17 миллион 313 миң 163 адамдан аныкталды. 195 миң 123 адам каза болсо, 14 миллион 304 миң 382 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 369 миң 423 адам вируска кабылган. 391 миң 936 бейтап көз жумса, 12 миллион 640 миң 871 бейтап оорудан сакайды.