Эпидемиологиялык абал боюнча алып караганда Баткенде абал кооптуу болууда. Мындай маалыматты бүгүн, 15-сентябрда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда айтты.
"Республика боюнча алынган көрсөткүчкө ылайык, илдет аныкталгандарды 100 миң кишиге санаганда 3 аймактагы абал кооптонууну жаратты. 7-сентябрдан 13-сентябрга чейинки статистика боюнча, оорулуулардын саны эң көп Баткенде, андан кийин Ысык-Көл жана Бишкек шаарында болду. Буга чейин деле аталган аймактарда ооруну жуктуруп алгандардын саны көбүрөөк болуп жаткан. Ал эми калган аймактардагы эпидемиологиялык абал туруктуу", - деди министр.