Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны 19 миңден ашты

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 762 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 132 адам каза болсо, 5 миң 809 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 730 (айыккандар 1323);

Санкт-Петербург шаарында - 211 (айыккандар 107);

Москва облусунда - 177 (айыккандар 170)

Ростов облусунда - 171 (айыккандар 148) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 85 миң 281 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 19 миң 61 адам каза болсо, 895 миң 868 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан