Өкмөт башчы: "Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алар байланышкан акыркы адам такталмайынча карантинди токтото албайбыз"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын жыйынын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы адамдар ортосундагы байланышты минималдаштыруу боюнча аракеттер – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин айткан.

«Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100 пайыз жок деген ишеним керек. Бүгүнкү күндө бардык медициналык дары-дармектер жана жабдуулар жетиштүү, бирок запастарды убагында толтуруп туруу керек. Ошол үчүн дагы ала турган муктаждыктардын эсеби күн сайын чыгарылып жатат. Өкмөт медициналык кызматкерлерди тийиштүү каражаттар менен камсыздоого жана коронавируска каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
sirenaaaaa
2020-04-11 22:42:10
Строй материалдарды, материал базарды уруксат берип койсо, адамдар стройка кылып, кийим тигишип алаксып уйбулосун да багып турушмак
+16
Kyrgyz_bloger
2020-04-11 23:36:18
Откондо эле 8мин тондурулган анализ бар 2-3кундо текшерип бутобуз деп жаткансынар го,жалган беле.
+7
taalay25
2020-04-12 00:01:28
Биринчи коронавирус чыкканда профилактикалык иш чараларды жургузгонунордо ушундай болбойт эле! кытай, Казахстан менен чек ара алар жапканча жабкан жоксунар. Турагенттиктердин иштерин токтотбодунар. Келген конокторду кабыл алып аттынар. Зыянын мамлекет менен эл тартып атат эми. Жаздын бир куну бир жылга тете
+11
Osh2017g
2020-04-12 00:33:53
Короче бул жагын май басты.
+3
aerforce
2020-04-12 00:51:05
Акыркы адам даагы журотда к курттап кочодо карантинде деп тыйылбайтко адамдардын басканы
+5
Islambek123
2020-04-12 01:52:05
Кароче шакарап болуп калган окшойт.
+4
Scorpion_09
2020-04-12 02:11:09
Урматтуу премьер Бизге элге Акча бергиле ,жата Беребиз канча болсо )))))
+17
anarbaii
2020-04-12 06:08:23
Тезирээк акыркы адамды тапкыла
+13
Mylatka..
2020-04-12 08:56:56
Ачык эле рф ачса ачабыз деп койсонор болот го....
+5
rususu
2020-04-12 11:04:50
Карантин башталгандан бери канча болду,из кубарлар ит кайтарып жатышабы же тезек терип журушобу.Эртереек карашпайбы,бул журуш менен кетсек эртен эле куз келет,анан анан болот да.
+3
buhaw.93
2020-04-12 11:24:28
Ошолордун баары нын анализдери дагы деле чыгып буто элекпи ушунча убакта бери тездетип баарын 15 кундо аныктап койсо болбойт бекен кундо 30-40тан чыгарбай
+3
faraon312
2020-04-12 12:51:15
Абылгазиев, сиз да үлгү болуп бет кап кийиңиз!
+4
kasiko
2020-04-12 15:38:40
Айланайындар сабыр кылгылачы, алтын башынар аман болсо, калганы табылат, азыр Кудайга шугур, Ата мекедик согуш кездериндегидей каатчылык, эмес. Эквадор ду корсонор, кандай оор кундо калды. Бийлик колдон келгенин кылып жатат. Жарма ичсек да аман чыгалы. Калганын Аллах колдоп, коптоп жарлап жасап алабыз.
-1
Mahabatym...
2020-04-12 15:41:59
Сабыр туугандар, өзүбүздүн балдарыбыздын келечегин ойлойлу! Өкмөтүбүз да билип анан бизге жакшы болсун деп керектүү чечим кабыл алып жатышатта. Биримдикте бп, кечке өкмөттүн катасын чукубай, мамлекетке айтканын аткарып жардамдашалы. Вирус жуктурган адамдар мн мамиле кылган адамдарга да таң калам калам мен да байланышта болгом деп эле на совесть барып текшерилип койсо жеңил болмок. Анткендин ордуна бекинип отурат да таап алса айла жок барам, бирок таппай эле калсын деп
-1
Nuri1988Elim2010
2020-04-12 22:28:01
ХХХХ табасынарбы? Аэропорттон келгенде текшербей кетиресинер анан артынан издейсинер, алар менен канча адам байланышта болду деп? Индиядан келгендердида коё бердиңер окшойтго,алардыда бир күн айтып чыкпасанар болду,Силерге мээ берсе жакшы болмок, чоң курсактын ордуна,же мээнер курсагыңар га түшүп калганбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан