Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы вакцинаны жеткирүү маселеси караларын айтты

Бүгүн, 22-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал өлкөгө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышууга делегацияны баштап келген.

Кыргыз-Орусия эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышуу болду.

Президент өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы, орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонддун линиясы менен 100 миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн Орусия тарапка дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы постпандемиялык мезгилде биргелешкен күч-аракеттерди топтоонун, соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуунун маанисине токтолду.

Президент Орусия тарап менен энергетика, темир жол, инфратүзүм, аймактарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта өкмөттөр аралык комиссияга чоң роль берилгенин кошумчалады.

Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Орусиянын президенти Владимир Путин менен өкмөттүн төрагасы Михаил Мишустиндин саламдары менен жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.0

Ал Орусия тараптын Кыргыз өлкөсү менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай тургандыгын баса белгиледи. Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикалуу өнүгүшүн белгиледи.

Алексей Оверчук ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн жигердүү өз ара аракеттешүүсүнө көңүл буруп, коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүү боюнча тиешелүү ведомстволордун биргелешкен иштерин, ошондой эле Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишмердигин белгиледи.

Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы орусиялык вакцинаны Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте карала тургандыгын кошумчалады.

Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгын көздөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан