Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору COVID-19'га каршы эмдөөдөн өттү

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, ал кайсы вакцина менен эмдөө алганын ачыктаган эмес.

"Бүгүн коронавирус илдетине каршы эмдөө алуу менин кезегим болчу. Вакцина адамдардын өмүрүн сактайт. Аны дүйнөнүн бардык аймагына тез убакытта жеткирүү өтө маанилүү", - деп Твиттерге жазып калтырган Тедрос Аданом Гебрейесус.

Ошондой эле ал вакцина жетиштүү өлкөлөрдөгү калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан