Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 431 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 150 адам каза болсо, 5 миң 750 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 970 (айыккандар 1226);
Москва облусунда - 215 (айыккандар 171);
Санкт-Петербург - 208 (айыккандар 105)
Ростов облусунда - 183 (айыккандар 139) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 122 миң 241 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 799 адам каза болсо, 923 миң 699 бейтап айыгып чыкты.