Американын Массачусетс штатынын жашоочусу мыя мармеладын өтө көп жеп, жүрөгү токтоп каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Америкалык 54 жаштагы Нил Бутала эки жума бою мөмө-жемиштен даярдалган мыя момпосуюн жеп баштаган. Ал тез тамактануучу жайда түштөнүп жатып, күтүлбөгөн жерден эс-учун жоготуп, эртеси ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер анын кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн ыргагы бузулганын аныкташкан. "Дарыгердин айтымында, мыя кошулган азыктар кан басымды көтөрөт. Коркунучтуу мыяда (жапайы дары өсүмдүк) глицирризин кислотасы бар. Ал организмдеги калий жана минералдарды азайтат. Эки жума бою күн сайын 55 грамм мыя ичүү жүрөк ритминин бузулуусуна алып келет. Бул айрыкча 40 жаштан жогору адамдарды өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.