"Салам, менин атым Элли". Британиянын ресторандарында робот официанттар пайда болду

Улуу Британиянын бир катар аймактарына "Robotazia" деген аталыштагы ресторандар тармагы ачылды. Анын негизги өзгөчөлүгү катары кардарларды роботтор тейлейт деп жазышат жергиликтүү маалымат булактары.

Ресторандын ээси мындай чечимин дүйнө жүзүн каптаган коронавирустан сактануунун бир жолу катары көрсөткөн.

"Оорунун жайылышынын алдын алуу максатында "Robotazia" ресторанында тамакты роботтор ташыйт. Бирок аларга кадимки официанттар дагы жардам берип турат. Ал эми роботтор бир гана тамак ташыганды эмес, учурашып, өз атын айтканды да билет. Бул жайдын ээси келечекте ресторандар тармагын толугу менен автоматташтырууну пландап жатканын жашырган эмес", - деп жазылат маалыматта.

"Салам! менин атым Элли" Британиянын ресторандарында робот официанттар пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sultan_bek
2020-09-25 12:20:53
Билим илим онуксо адамдардын жашоо турмушу женилдейт. Бир гана билимге умтулуш керек. Болбосо асмандан бироо келип куткарбайт.
0
Respect.
2020-09-25 12:37:55
sultan_bek, илим-билим ашыкча өнүксө адамдар жумушсуз калат. Мынага окшогон роботтордун айынан 2030-жылы дүйнөдө 100 миллион адам жумушсуз калуу коркунучу бар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан