Орусиялык актёр Тарзандын жубайы Наташа Королёва күйөөсү көзүнө чөп салгандыгы тууралуу интернет баракчасына билдирүү жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Айрым үй-бүлөлөр кризисти баштан кечирип жатып, кээ бирлери өзгөрүлүп, жаңы жашоо башташат. Дагы бирөөлөр чоң жоготууга учурайт. Жапон тилинде "кризис" сөзү эки иероглифтен турат: бири "кыйратуу", экинчиси "кокустук" деп которулат. Кыйратуу бизге жаңы мүмкүнчүлүк берет!" - деп жазган ырчы.
Тарзан каймана аты менен белгилүү болгон 50 жаштагы орусиялык актёр Сергей Глушко жубайынын көзүнө чөп салгандыгын моюнуна алган. Актёрдун 28 жаштагы актриса Анастасия Шулженко менен болгон интимдик видеосу 16-сентябрда Орусиянын "Чындыгында" программасында ачыкка чыгарылгандыгы тууралуу айтылган.