Республиканын бардык облустарында сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Баткен облусу боюнча бүгүнкү күнгө карата, 9 миң жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда.