Украинанын Харьков аймагында аскердик Ан-26 учагы машыгуу жүргүзүү учурунда кулап түшүп, 25 адам каза болду

Украинанын Харьков аймагында аскердик Ан-26 учагы машыгуу жүргүзүп жатканда кулап түштү. Бортто өлкөнүн аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинин курсанттары болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 25-сентябрда өлкөнүн маанилүү өнөр жай жана илимий борбору аталган Харьков аймагында Ан-26 аскердик учагы конууга жакындаганда кулап түшкөн. Бортто экипаждан тышкары Украинанын аба күчтөрүнүн Харьков университетинин курсанттары болгон. Учак кырсыгында борттогу 27 аскердин 25и каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган. Аймактын губернатору Алексей Кучердин айтымында, учкучтун сол мотору иштебей калган.

Харьков облусунда 26-сентябрь, ишемби күнү кырсыктан каза болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан