Түркиянын футболчусу Эмре Ашикти жубайы мурасына ээ болуу үчүн адам жалдап өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Футболчунун жубайы Ягмур Ашик күйөөсү көзүнө чөп салып, ажырашууга арыз бергенден кийин аны өлтүрүүгө адам жалдап, курал берип, бир жарым миллион евро төлөгөн. Бирок алардын планы ишке ашкан эмес. Себеби аял жалдаган адам кылмыш жасоодон баш тартып, айыбын ачкан. Ал эми футболчунун жубайы Ягмур камакка алынган.
Жубайлар 2012-жылы баш кошкон. Алардын үч баласы бар.