26-сентябрь түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыккан. Анда таң аткыча эки өлкөнүн аскерлери кагылышкан. Бүгүн, 27-сентябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөгө аскердик абал жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ошондой эле Карабах Республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алганы жазылууда.
Ал эми Армениянын Коргоо министри Карабахтагы жаңжалда Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлаган. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп маалымат берүүдө.