Ирандык Абольфазл Сабер Мохтаринин бардык нерсени денесине жабыштырып алуучу өзгөчө жөндөмү бар. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Ал муну акыл-эсин башкаруу менен жасай аларын айтат. Тегерандын 51 жаштагы тургуну бала чагында эле мындай жөндөмү бар экенин билип, бирок көп жылдар бою колдонбой келген. Кайрадан баштоосуна кызынын индиялык жигит кашыктарды денесине чаптап алган видеоклипти көрсөткөнү себеп болгон.
Абольфазл журналисттерге автоунаанын капотун, жумшак оюнчук, бадыраң, кашык жана башка түрдүү нерселерди денесине жабыштырып алганын көрсөтүп берген. Өнөр ээси эч кандай жабыштыргыч зат колдонбой турганын белгилейт.