Поп-музыка чебери Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, протез тиштердин алгачкы баасы 200 фунт стерлингди (20 миң сомдон ашык) түзгөн.
Ошондой эле протез тиштен сырткары сатыкка Жо Жексондун 60 буюму коюлган. Анын ичинде жеңил бут кийими, күмүш менен шөкөттөлгөн күрмөсү жана колу коюлган сүрөттөрү бар.
Мындан тышкары, аукционго ырчы Майкл Жексондун канынын изи калган капельница да коюлган. Медициналык жабдуу ырчынын өмүрүнүн акыркы күндөрү колдонулган. Жексондун туугандары ырчы каза болордо колунда дал ошол капельница турганын айтып, анда аткаруучунун ДНКсы калганын кошумчалашкан.
Майкл Жексон — тарыхтагы эң атактуу жана элдин сүймөнчүгүнө арзыган ырчы. "Гиннесстин рекорддор китебине" 25 жолу катталган жана "Грэмми" сыйлыгына 15 ирет татыган. Легендарлуу артист 2009-жылы 50 жашында каза болгон.