Бүгүн, 28-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабахта Армениянын 2 танкын жок кылган видеону өздөрүнүн YouTube каналына жарыялашты.
"Биздин армия жерлерибизди бошотуу үчүн каршы чабуул операцияларын улантууда", - деп айтылат видеонун астында берилген түшүндүрмөдө.
Учурда эки өлкөгө тең аскер абалы жарыяланып, абал курч бойдон калууда.