"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 33 миллион 873 миң 355ке жетти

Бүгүн, 1-октябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 33 миллион 873 миң 355 болду. Анын ичинен 23 миллион 540 миң 270 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 12 миң 841 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 229 миң 693 адамдан коронавирус аныкталды. 206 миң 888 адам каза болсо, 2 миллион 840 миң 688 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 225 миң 763 адамдан аныкталды. 97 миң 497 адам каза болсо, 5 миллион 187 миң 825 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 810 миң 935 адам вируска кабылган. 143 миң 952 бейтап көз жумса, 4 миллион 266 миң 525 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан