Коронавирус пандемиясында экономика тармагында эң көп жабыр тарткан өлкө Улуу Британия аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү ушул жылдын экинчи кварталында 20,4 пайызга төмөндөгөн. Англияда ички дүң өндүрүш 14 пайызга кыскартылып, 1706-жылдан бери эң начар көрсөткүч катары катталган. Ошондой эле жумушсуздуктун саны 4-9 пайызга чейин жогорулашы күтүлүүдө.
Ал эми Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бирикмесине кирген 37 өлкөнүн экономикасы 9,8 пайызга кыскарган.
Улуу Британияда эпидемия башталгандан бери 330 миң 967 адамдан коронавирус инфекциясы тастыкталган.