Жеймс Бонддун үйү 100 миллион долларга сатыкка коюлду

Америкалык жана британиялык актёр Пирс Броснан Малибу жээгиндеги вилласын сатыкка койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 67 жаштагы Броснан жубайы 56 жаштагы Келли Шей Гавайиге кетип жаткандыгына байланыштуу Малибудагы үйүн сатыкка коюп жатышат. Үйдүн архитектуралык долбоору "Эртең эч качан өлбөйт" тасмасына ылайыкталып салынган. Анда Броснан Жеймс Бонддун ролун жараткан.

Үй 2010-жылы эки бириккен жер тилкесине курулган. Жерди Броснан 2000-жылдары 5 миң 100 жана 2 миң 250 долларга сатып алган.


Үйдө 5 уктоочу, 14 жуунуучу бөлмө бар.

Броснан үйдү куруу иштеринин ар бир этаптарына активдүү катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан