Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 40 медкызматкерге компенсация төлөө комиссия тарабынан каралып жатканы айтылды (видео)

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүн, 21-июль саат 10:00гө карата республикадагы эпидемиологиялык абал тууралуу жаңыланган маалыматтар менен тааныштырды.

Сутка ичинде 1108 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталса, аталган илдеттерден 1667 бейтап айыкты делинип үйлөрүнө чыгарылды. Соңку суткада 42 бейтап кайтыш болду.

Эпидемиянын очогунда иштеп жүрүп илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге кенемте төлөнөт. Бүгүнкү күдө 40 кызматкердин ар бирине 200 миң сомдон компенсация төлөөнү комиссия карап жатат. Аталган тизмеде өлкөнүн бардык аймактарындагы кызматкерлер бар экенин кошумчалады Айнура Акматова.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aguwa
2020-07-21 10:52:42
40 эле адамга толонобу? А калгандарыначы? Менин билишимче 3000ге жакын мед кызматкерге жукту го
+2
Dani
2020-07-21 11:19:27
Медиктер Жан талашып иштеп атышат,баарына тегиз бериш керек,булар кыйратпайтко
0
Bakytbek88
2020-07-21 12:06:49
40 элеби дейсинер ушул 40 мед кызматкериге дагы бериши мумкун эмес ко. Комиссия карап жатат иликтеп жатат дейт эртеге Бир шылтоо айтып суудан курук чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан