АКШдагы авиакомпаниялар октябрда 40 миңге жакын кызматкерин жумуштан кетириши мүмкүн

АКШдагы ири "American Airlines", "United Airlines" жана башка бир катар авиакомпаниялар 1-октябрдан тартып 40 миңге жакын кызматкерди бошотууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, буга биринчиден коронавирус пандемиясы таасир этсе, экинчиден АКШ бийлигинин авиация тармагын колдоо боюнча финансылык пакетинин мөөнөтү бүткөнү себеп болууда.

"Учурда өлкө президенти Дональд Трамптын администрациясы коронавирустун кесепетин жоюу боюнча жаңы чаралар боюнча өкүлдөр палатасы менен макулдашууга аракет көрүүдө. Ага ылайык, коронавируска байланышкан кризистен жапа чеккен авиация тармагына кошумча 25 миллиард доллар жардам көрсөтүлүшү керек. Эгер мындай документ кабыл алына турган болсо, ири авиакомпаниялар кетирчү кызматкерлерди дагы алты айга бошотпой турарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүйнөгө тараган коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө, анын ичинде АКШда учак каттамдары азайды.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда пандемиядан улам 207 миңден ашык адам каза болду. Ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 7 миллиондон ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2020-10-02 13:18:36
Ар кайсы олкону кысып жатып оздору кысылып калдыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан