Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу аскер госпиталына келер алдында видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШ лидери отурган тик учак оорукананын алдындагы Уолтер Рид айдыңына келип конгон. Трамп "Twitter" баракчасына госпиталга бара жаткандыгын тастыктаган видео постун жарыялады.
"Менде баары жакшы болот деп ойлоп турам. Бардыгы жакшы болоруна ишениш керек", - деген Трамп.
Буга чейин, 2-октябрда АКШнын президенти тест тапшырганда, коронавирус чыкканы маалым болгон. Өзү менен кошо аялы Мелания Трамп да ооруп, экөө тең дароо карантинге кетишкен.
Президенттин катышуусундагы шайлоо алдындагы бардык иш-чаралар кийинкиге жылдырылып же онлайн-форматка өткөрүү чечими кабыл алынган.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда.