АКШнын президенти Трамптын мурдагы кеңешчиси жана эки сенатордон коронавирус аныкталды

АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкканына таянып, чет элдик басылмалар кабарлады.

Вирус жугузуп алгандардын ичинде президент Дональд Трамп жана анын жубайы, республикачыл эки сенатор, Нотр-Дам университетинин президенти бар экени айтылды.

Алар 26-сентябрда Ак Үйдө Эми Кони Барреттин АКШнын Жогорку Соту кызматына сунуштоо боюнча салтанатка катышкан.

"Иш-чарага катышкандар алгач бет капчан келип, башталгандан кийин чечип салышкан. Айрымдар социалдык аралыкты сактаган эмес. Ал эми Конуэй президенттин башка кеңешчилери менен баарлашып жүргөнү айтылууда", - деп жазылат маалыматта.

Дональд Трамп менен анын жубайы коронавирус жугузуп алганы 2-октябрда белгилүү болгон. Расмий маалыматтарда алардын абалы жакшы экени айтылган. Трамп дарыгерлердин сунушу менен Вашингтондогу Уолтер Рид атындагы Улуттук аскердик-медициналык борборго жаткырылганы, ишин аралыктан уланта берери кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан