Армениянын Куралдуу күчтөрү Азербайжанга таандык Гянжа шаарын аткылап жатат. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Армениянын Куралдуу күчтөрү Гянжа шаарын аткылап жатат" деп билдирген Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан.
Өз кезегинде Армения тарап бул аткылоо Азербайжан күчтөрү Тоолуу Карабахтагы Степанакерт шаарын аткылаганга жооп экендигин билдирген.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.