Армения-Азербайжан кагылышуусунда Тоолуу Карабах Республикасынын башчысы Араик Арутюнян атышуудан оор жаракат алды. Бул тууралуу Азербайжандын президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев брифинг учурунда айткан.
"Биздин армиянын так соккусунун натыйжасында Арутюнян оор жаракат алды. Башка башчылары дагы ушундай тагдырга туш болушат", - деген Гажиев брифингде.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.